super.kg logo

Ысык-Атада стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси мамлекетке алынды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалымдалгандай, стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объекти мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Тактап айтканда, 1999-жылдын 30-ноябрында өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган бассейн мыйзамсыз түрдө "Пахарь" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген.

Кийинчерээк, 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен суткалык жөнгө салуу бассейни "Пахарь" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.

Тергөөдөн кийин кайтарылган объект Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: