Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттер жана Кытай менен e-Permit системин ишке киргизди (видео)
Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттер жана Кытай менен e-Permit системин ишке киргизди. Бул тууралуу 9-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, мунун негизинде ата мекендик жүк ташуучулар Кытай, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү менен эл аралык жүк ташууларды электрондук уруксаттын негизинде жүргүзүп жатышат. Натыйжада жүк ташуучулар уруксат бланкын онлайн алуу жана тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул кадамдар жүк ташуучуларды жеке келип кезекке туруп кайрылуу зарылдыгынан арылтты.
Буга чейин тараптар жыл сайын уруксат бланктарын кагаз жүзүндө алмашып келген. Мисалы, 2025-жылы Кытай менен 130 миң даана уруксат кагазы алмашылган. Аларды даярдоо жана жеткирүүдө бюджеттик чыгымдар сарпталган.
Белгилей кетсек, e-Permit системи ачыктыкты, ишенимдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыз кылып, бюджеттик чыгымдарды кыскартууга, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана эл аралык автомобиль ташууларды өнүктүрүүгө багытталган. Бул Кыргызстанды Борбор Азиядагы логистикалык хабга айландырууга шарт түзөт.
Кыргызстан e-Permit системасын ишке киргизди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















