Мурдагы аткаминер өндүрүш базасын мамлекетке өткөрүп берди
Мурдагы аткаминер өндүрүш базасын, цехтерди, кампаларды жана жалпы аянты 0,64 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен менен мамлекеттин баланска өткөрүп берди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, Бишкектеги Фрунзе көчөсү 1А дарегинде жайгашкан өндүрүштүк база түрүндөгү мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныкталган.
Тактап айтканда, 1988-жылы "Кыргызкурулуш" акционердик коомунун турак жай кеңсесинин базасында "Айбол" ЖЧКсы түзүлүп, ага менчиктештирүүнүн алкагында мамлекет 0,64 гектар жер тилкеси бар өндүрүш базасын өткөрүп берген. Өндүрүштүк базаны менчиктештирүүдө "Айбол" ЖЧК турак үйлөрдү тейлөө профилин сактоо милдеттенмесин өзүнө алгандыгы аныкталды. Мында негиздөөчүлөр жалпы макулдуксуз ишмердүүлүк багытын өзгөртүүгө жана мүлктү ээликтен ажыратууга укуксуз болушкан.
Бирок 2010-жылдан тартып коммуналдык ишмердүүлүк акырындап кыскарып, Коомдун мүлкү коммерциялык максаттарда колдонула баштаган. Натыйжада ишкананы көзөмөлдөө Д.Б. аттуу жаранга (ал учурда өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары) өткөн. Ал муну өзүнүн апасы Р.З. аркылуу ишке ашырган. Апасы "Айбол" ЖЧКсынын директору болуп дайындалган.
Мурдагы аткаминер жер тилкесин мамлекетке өткөрүп берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















