Дачный айылында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
12-февралда Бишкек шаарындагы Дачный айылында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу 9-февралда шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суунун өчүрүлүшү Дачный айылындагы Дачный суу кампасында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















