Эпштейндин 2018-жылы 1250 литр күкүрт кислотасына буюртма бергени ачыкталды
Сексуалдык кулчулук боюнча айыпталган финансист Жеффри Эпштейндин иши боюнча жарыяланган документтерде күкүрт кислотасына ири буюртма бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Эпштейн менен байланышкан LSJE LLC фирмасы акча которуу өтүнүчүндө Gemini Seawater Systems компаниясынан 330 галлон (болжол менен 1250 литр) күкүрт кислотасын сатып алууну суранган. Документ 2018-жылдын 6-декабрында жазылган.
2018-жылдын июнь айында ошол эле компания маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, Эпштейн үчүн иштеген Брайс Гордонго тескери осмос тузсуздандыруу заводун долбоорлоо жана ишке киргизүү боюнча бизнес сунушун киргизген. Күкүрт кислотасы финансисттин аралында, Грейт Сент-Жеймсте колдонулушу керек болчу.
Андан тышкары, документтерде Кичи Сент-Жеймс аралындагы тескери осмос тузсуздандыруу заводунун оңдоо отчёту табылган. Анда күкүрт кислотасы да колдонулган. Бул документ 2014-жылдын февраль айында даталанган жана TSG фирмасы тарабынан жүргүзүлгөн.
30-январда АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин ишинин 3 миллиондон ашык барактардан турган файлдарын жарыялаган.
Эпштейн 2002-2005-жылдар аралыгында ондогон жашы жете элек кыздардын Нью-Йорктогу үйүнө жана жеке аралына баруусун уюштурган деп айыпталган. Тергөөчүлөр алардын эң кичүүсү 14 жашта экенин аныкташкан. 2019-жылдын август айында каржычы түрмө камерасында өз жанын кыйган.
Журналисттер күкүрт кислотасы дененин бөлүктөрүн эритип, каржылоочу аны өлүктөрдү жок кылуу үчүн колдонгон болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Ошондой эле, ал деңиз суусун тузсуздандыруу системдеринде колдонулган деп боолголонууда.
Буга чейин Эпштейндин ишинин материалдарында бир катар өлкөлөрдүн таасирдүү адамдарынын аттары аталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















