№13 шайлоо округунда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
Бүгүн, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алдыдагы шайлоо №13 шайлоо округу боюнча кайра өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө 9-февралдан 28-февралга, саат 08:00гө чейин уланат. БШК мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 25 талапкерди каттаган, алардын 15и эркектер, 10у аялдар. Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат:
- тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө, же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
- айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;
- талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
- талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет. Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;
- басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш);
- конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга;
- мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо;
- атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө;
- байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга;
- диний ишмерлерге;
- кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө;
- 18 жашка толо электерге;
- чет элдик жарандарга жана уюмдарга;
- жарандыгы жок адамдарга;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине.
Ошондой эле өлкө аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарга тыюу салынат.
Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















