АКШ лидери Супербоулдагы музыкалык шоуну сынга алды
АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук футбол лигасынын (НФЛ) финалы – Супербоул маалында пуэрто-рикалык ырчы Bad Bunny’нин танапистеги концерттик программасын кескин сынга алды. Америкалык лидер артисттин шоу-программасын АКШнын улуулугуна шек келтирет деп атаган.
Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган билдирүүсүндө Супербоулдагы бул шоу “тарыхтагы эң начар көрсөтүүлөрдүн бири” болгонун белгилеп, ал ийгиликке, чыгармачылыкка жана мыктылыкка коюлган америкалык стандарттарга жооп бербейт деген пикирин билдирди.
Буга чейин Bad Bunny “Debí Tirar Más Fotos” аттуу альбому үчүн “Грэмми” сыйлыгына татыган. Сыйлык тапшыруу аземинде ал АКШдагы миграциялык полиция – ICE’нин ишмердүүлүгүн сынга алып, бул тема өлкөдө нааразычылыктарды жараткан.
Супербоулдагы концерт болжол менен 13 мүнөткө созулуп, ырчы негизинен испан тилинде ырдаган. Ага сахнада Леди Гага жана Рики Мартин сыяктуу белгилүү аткаруучулар кошулган.
“Бул жигит эмне деп жатканын эч ким түшүнбөйт. Анын бийлери өзгөчө балдар үчүн таптакыр ылайыксыз. Бул “шоу” өлкөбүзгө жасалган “шапалак” сыяктуу”, - деп кошумчалады Трамп.
Белгилей кетсек, Супербоул – АКШдагы эң популярдуу спорттук иш-чара болуп саналат. Бул жылы финалдык беттеш 8-февралда Калифорния штатынын Санта-Клара шаарында өткөн. Финалда “Сиэтл Сихокс” командасы “Нью-Ингленд Пэтриотсту” 29:13 эсеби менен жеңип, чемпион аталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















