super.kg logo

Түркияга виза даярдоо шылтоосу менен алдамчылык кылган делген жаран кармалды

 
Ысык-Көлдөгү алдамчылыкка шектелген 31 жаштагы жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр сентябрь айында милицияга Ак-Суу районунун 42 жаштагы тургуну кайрылып, шектүүгө февраль айында Түркияга виза даярдатуу максатында 21 миң 700 сом бергенин, бирок азыркыга чейин визасы даяр болбой жатканын айткан.
Ноябрь айында ушундай эле арыз менен Каракол шаарынын 19 жаштагы тургуну кайрылган. Ал шектүүгө 34 миң 986 сом акча которгон билдирген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 25-январда Бишкек шаарынын аймагынан жашырынып жүргөн жеринен колго түшкөн. Суракта ал күнөөсүн толугу менен моюнунан алган. Каракол шаардык соту 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: