super.kg logo

АКШда тоту куштун жардамы менен адам өлүмүнүн бети ачылды 

 

АКШнын Мичиган штатындагы полиция кызматы үйдө кармалган тоту куштун жардамы менен адам өлтүрүүнүн бетин ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген кызматкерлер октон жаракат алган эркек кишини жана жанында октон каза тапкан аялдын жансыз денесин табышкан.

Тергөөчүлөр үйдөгү тоту кушту көрө элекке чейин чындыкка жетишкен эмес. Канаттуу "атпа" деген сөздү бир нече жолу кайталаган. Ал эми каза болгон аялдын жакындары тоту куштун айтып жаткан сөзү маркумдун акыркы үнү болушу мүмкүн деп болжошкон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жубайлар олуттуу каржылык кыйынчылыктарды баштан кечирип келгени белгилүү болуп, аялдын өлүмүнө күйөөсүнүн тиешеси бар экени аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: