Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза аппараттын кызматкерлери менен жолугушуп, парламенттин ишин санариптештирүүгө багытталган долбоорлорду талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы санариптик демилгелер тааныштырылды. Анын ичинде парламенттин ишмердүүлүгүнө арналган онлайн-курстарга өзгөчө көңүл бурулду. Онлайн-курстарда депутаттардын өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруу иши, ошондой эле мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө укуктарына байланышкан негизги багыттар камтылган.
Карим Ханджеза Жогорку Кеңеш өлкөдөгү негизги бийлик бутактарынын бири экенин белгилеп, сунушталып жаткан санариптик долбоорлор парламенттин потенциалын чыңдоого, иштин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
"Заманбап технологияларды пайдалануу менен парламенттин ишин жаңы деңгээлге чыгарууга аракет кылышыбыз керек. Айрыкча санариптик технологиялар депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты бекемдеп, мыйзам чыгаруу процессин жакшыртууга чоң салым кошот", — деди төраганын орун басары.
Талкуунун жыйынтыгында санариптештирүү багытындагы иштерди мындан ары да ырааттуу улантуу зарылдыгы белгиленди.