"Кашкулак" тоо-лыжа комплексинде болгон окуя боюнча расмий комментарий берилди
"Кашкулак" тоо-лыжа комплексинин администрациясы кечээ, 8-февралда болгон окуяга байланыштуу расмий маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 8-февралда саат 19:40 чамасында комплекстин аймагында жабыркаган жаран тууралуу медициналык пунктка билдирүү түшкөн. Медициналык кызматкер дароо окуя болгон жерге барып, алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Ошол эле учурда жеке тез жардам кызматы чакырылган.
Андан соң жабыркаган жаранды тез жардам унаасына жеткирүү үчүн ылдый түшүрүү чечими кабыл алынып, ал дарыгерлердин жана жакындарынын коштоосунда толук текшерүүдөн өткөрүү жана медициналык жардам алуу үчүн тиешелүү медициналык мекемеге жеткирилген.
Комплекстин администрациясы окуя тууралуу белгиленген тартипке ылайык участкалык кызматкерге кабар берген. Укук коргоо органынын өкүлү окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында дароо жерине барган.
Администрациянын маалыматына ылайык, тоо-лыжа комплексиндеги кооптуу участоктордо эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берген А класстагы коргоочу торлор орнотулган. Кыймылдын ылдамдыгы, траекториясы жана ылдамдыкты жайлатуу аракеттеринин жоктугуна байланыштуу коргоочу тордун полотносунун үзүлүшү катталып, анын натыйжасында жабыркаган жаран трассадан төмөн түшүп кеткен. Белгиленгендей, бул участокто башка типтеги коопсуздук тосмолору орнотулган учурда жаракаттар андан да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн эле.
Алдын ала медициналык маалыматтар боюнча, 2006-жылы туулган Т.А. баш мээнин жабыркашын, мээ чайкалышын, оң жамбаш сөөгүнүн алдыңкы башчасы чыгып кетип, жылышы бар ачык сынык алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















