Жоан Роулинг Британиянын премьер-министри Кир Стармерди аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка кайдыгер деп айыптады
Британдык белгилүү жазуучу Жоан Роулинг Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерди кыздарга жана аялдарга карата зомбулук маселесине кайдыгер мамиле кылат деп ачык айыптады. Анын айтымында, Стармер бул темага өзүнүн саясий карьерасына коркунуч жаралганда гана көңүл бурат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын Юстиция министрлиги Джеффри Эпштейнге байланыштуу акыркы файлдарды жарыялагандан кийин британдык маалымат каражаттары мурдагы Британиянын АКШдагы элчиси Питер Мандельсон Эпштейнге жашыруун маалыматтарды жөнөтүп турганын аныкташкан. Бул фактылардан кийин Британиянын полициясы Мандельсонго карата кылмыш ишин козгоду.
Белгилей кетсек, Питер Мандельсон 2024-жылы премьер-министр Кир Стармердин чечими менен Британиянын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Ошол маалда анын Джеффри Эпштейн менен байланышы бар экени коомчулукка белгилүү болгонуна карабастан, дайындоо ишке ашкан.
Жоан Роулинг Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө:
“Кир Стармердин Питер Мандельсондун эң жакын досу — Джеффри Эпштейндин курмандыктарына болгон “камкордугун” Ротеремдеги зордукчулар тобунун ишин иликтөөдөн баш тартуусу менен салыштырып көрсөңүз болот. Стармер кыздарга жана аялдарга келтирилген зыянга, эгер бул анын карьерасына коркунуч туудурбаса, таптакыр кайдыгер”, — деп жазды.
Маалыматка ылайык, Кир Стармер премьер-министр болуп шайланганга чейин Королдук прокурордук кызматты жетектеген. Telegraph басылмасынын маалыматына караганда, анын жетекчилиги маалында өспүрүм кыздарды зордуктаган бандага каршы иш так далилдерге карабастан токтотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















