Бишкек мэри Профсоюз көчөсүн улантуу маселеси боюнча шаар тургундары менен жолукту
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу маселеси боюнча шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө дин өкүлдөрү — имам жана епископ — буга чейин көрүстөн аймагына барып, диний көз караштан алганда коомдук зарылчылык жаралган учурда, бардык талаптар сакталса жана маркумдарга урмат-сый менен мамиле жасалса, инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга тыюу жок экенин билдиришкен.
Ошол эле учурда шаар мэри бул маселеде эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын белгиледи. Бир тараптан, долбоорго ылайык айрым турак жайларды бузуу маселеси каралса, экинчи тараптан, көрүстөн шаар тургундары үчүн ыйык жана руханий мааниси чоң жай бойдон калып, жарандар ал жерге Куран окуп, дуба кылып, жакындарын эскерип келишет.
Мындан тышкары чечим кабыл алууда 2022–2024-жылдары коюлган 50дөн ашуун жарандын көрү бар экендиги негизги фактор катары белгиленди.
Санитардык нормаларга ылайык, көрүстөн аймагында учурда казуу же кайра көмүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Анткени бул жугуштуу оорулардын очогунун пайда болушуна жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу санитардык коопсуздукту, шаар тургундарынын кызыкчылыктарын жана борбор калаанын өнүгүүсүн эске алуу менен, Профсоюз көчөсүнүн уландысын көрүстөндү айланып өтүү жолу менен куруу чечими кабыл алынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















