super.kg logo

Казакстанда жаңы конституция долбоорунда орус тили тууралуу туюндурма өзгөртүлдү

 

Казакстанда орус тилинин колдонулушуна байланыштуу туюндурма жаңы конституция долбоорунда өзгөртүлдү. Бул тууралуу Конституциялык соттун орун басары Бакыт Нурмухановго шилтеме берүү менен казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 31-январда Конституцияны реформалоо комиссиясы жаңы Конституциянын долбоорун жарыялап, анын 9-беренесинде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында казак тили менен бирге орус тили расмий колдонулары белгиленген. Азыркы долбоордо "наравне" (тең) деген сөз "наряду" (катар) менен алмаштырылды.

Нурмухановдун айтымында, өкмөттүн, парламенттин, президенттик администрациянын адистери, лингвисттер жана башка эксперттер долбоорго редакциялык жана стилистикалык өзгөртүүлөрдү киргизип, терминологиялык жана семантикалык бирдиктүүлүктү камсыз кылышты.

Эскерте кетсек, 21-январда президент Касым-Жомарт Токаев Конституцияны реформалоо комиссиясын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Комиссия парламенттик реформа жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулап, долбоордун 77 беренесин жана 84 пайыз текстин камтыган бардык бөлүктөрүн карап чыгууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: