super.kg logo

Кышкы Олимпиада оюндарында медалдардын сапаты талкууда

 

Кышкы Олимпиада оюндарын уюштуруучулар чемпиондорго тапшырылган медалдардын сынып жатышынын себептерин иликтеп жатышат. Бул тууралуу BBC News кабарлады.

Маалыматка ылайык, Олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин жетекчилеринин бири Андреа Франчизи медалдардын сапатына өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Анын айтымында, сыйлык тапшыруу учуру спортчулар үчүн эң маанилүү учурлардын бири болгондуктан, бардык нерсе идеалдуу болушу керек.

Ошондой эле АКШнын Олимпиадалык жана Паралимпиадалык комитетинин расмий өкүлү америкалык делегация бул маселе боюнча уюштуруучулардан чечим күтүп жатканын маалымдады. Сынган медалдардын ордуна спортчуларга жаңылары берилеби же жокпу азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, олимпиадалык медалдардын сапатына байланыштуу көйгөйлөр буга чейин да катталып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: