super.kg logo

Вашингтон менен Ереван жарандык ядролук тармакта макулдашты

 

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс бүгүн, 9-февралда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Вашингтон жана Еревандын жарандык ядролук тармактагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча келишимге кол койду.

Чет элдик басылмалар жазгандай, Жей Ди Вэнс Арменияны АКШ кызматташууну жогору баалаган өлкө катары мүнөздөп, президент Дональд Трамп Пашинян менен жана армян эли менен жакшы мамиледе экенин белгиледи.

Анын айтымында, тараптар жарандык ядролук тармактагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн аяктаганын тастыктаган, "123-келишим" деп аталган документке кол коюшту. Бул келишим америкалык жана армяндык компаниялардын биргелешкен программаларды ишке ашыруусуна шарт түзөт.

Вэнс баштапкы инвестициялардын көлөмү 5 миллиард долларды түзөрүн, ал эми кийинки этапта дагы 4 миллиард доллар салынары пландалып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: