super.kg logo

Кыргызстан-Франция ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси каралууда

 

"Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар француз авиакомпаниялары тарабынан Франция менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты.

"Талкуу жарандык авиация жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине, транспорттук жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталды. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө кызыкдар, бул багытты француз өнөктөштөрү менен биргеликте практикалык жактан иштеп чыгууга даяр экенин ырастады",- деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: