Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда
Өлкө аймагында акыркы жумада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, акыркы жумада ооруга чалдыккан 12 миң 400 учур катталып, 11,1 пайызга төмөндөгөн.
"Ооругандардын жалпы санынын 73,8 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Ал эми ооруга чалдыккандардын 12 пайызы ооруканага жаткырылган. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда",- деп билдирди министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















