super.kg logo

Эпштейндин адам сатуу менен алектенбегени тастыкталдыбы?

 

АКШнын Федералдык тергөө бюросу финансист Жеффри Эпштейн таасирдүү адамдарга кызмат кылган жашы жете электерди сексуалдык сатуу тобун иштетпегенин аныктады. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги жазды.

Агенттик тергөөчүлөр жашы жете элек кыздардын сексуалдык зомбулуктарга кабылышканын аныкташканы менен Эпштейндин сексуалдык сатуу тобун жетектегени жөнүндө жетиштүү далилдерди таба алышпаганын белгилейт.

Агенттик чалгындоо кызматы кылмыштуу ишмердүүлүктү көрсөтө турган эч кандай каржылык бүтүмдөрдү таппаганын, ал эми айрым жабырлануучулар өз билдирүүлөрүндө бул зомбулукту башкалар жасаганын көрсөтүшкөнүн жазат.

Аталган бюронун документтерине ылайык, көп учурларда чогултулган далилдер федералдык кылмыш ишин козгоо үчүн жетишсиз болгон. Ошондуктан материалдар жергиликтүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Бир нече жабырлануучулар Жеффри Эпштейн жана анын шериги Гислейн Максвелл аларды башкалар менен жыныстык катнашта болууга мажбурлабаганын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: