super.kg logo

Москвада президент Садыр Жапаров тууралуу китептин бет ачары өттү

 

Москва шаарындагы элчиликте "Президент Садыр Жапаров. Жаңы Кыргызстандын жаратманы" китебинин бет ачары уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШ Аткаруу комитетинин кызматкерлери, активисттер катышты.

Бет ачар аземинде Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев сөз сүйлөп, китеп президент Садыр Жапаровдун саясий портретин ачып берип, анын лидер катары өлкөнүн өнүгүү багытын өзгөртүүдөгү ролун чагылдырганын белгиледи. Элчи ошондой эле мамлекет башчысынын жетекчилиги астында өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана тышкы саясат тармагында жетишкен ийгиликтери тууралуу кыскача маалымат берди.

Иш-чаранын катышуучулары президент жетектеген команданын өлкөнүн туруктуулугун, коопсуздугун жана элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган ишин жогору баалап, китептин жарык көрүшү өз убагында жана тарыхый мааниге ээ экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, аталган китептин автору көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер, дипломат, өлкөнүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жумагул Сааданбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.02.2026. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китеп кайсыл жерде ачылбасын, бирок чыныгы турмуш кайсыл жакта болсо, чындык ошол жакта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: