Иран санкциялар жоюлса, уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүүгө даяр

Иран АКШ тарабынан коюлган санкциялар алынган шартта, өлкөдө топтолгон 60 пайыздык уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүүгө даяр. Бул тууралуу Ирандын Атомдук энергия уюмунун башчысы Мохаммад Эслами билдирди. Анын сөзүн Tasnim агенттиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бул маселе алар жооп катары бардык санкцияларды алып салабы же жокпу, ошого көз каранды",- деди Эслами ядролук чөйрөдөгү мүмкүн болгон кадамдар тууралуу комментарий берип жатып.

Буга чейин Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран АКШ менен согушуп кетсе да, уранды байытууну уланта берерин билдирген. Анын айтымында, эгерде АКШ Иран менен сый-урмат көрсөтүү аркылуу сүйлөшсө, Тегеран да жооп иретинде ушундай мамиле кылат. Болбосо, дипломат белгилегендей, Ислам Республикасы күч менен жооп берет.
Белгилей кетсек, буга чейин Оманда АКШ менен Ирандын ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өткөн. Бул сүйлөшүүлөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 2025-жылдын июнь айында курчугандан кийин биринчи жолу уюштурулду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















