super.kg logo

Британиянын өкмөт башчысы Эпштейн чатагынан улам кызматтан кетпей турганын билдирди

 

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер финансист Жеффри Эпштейн менен байланышы бар деп айыпталган Питер Мандельсондун АКШга элчи болуп дайындалышына байланыштуу кызматтан кетүүгө ниети жок экенин билдирди.

Чет элдик басылмалар ал кызматын уланта берерин айтканын жазышты.

"Биз саясат жакшылыкка алып баруучу күч боло аларын далилдешибиз керек. Мен ишенем, мындан ары биз алдыга жылабыз. Өлкөнү өзгөртүүнү улантып, ишенимдүү түрдө алдыга жылып жатабыз",- деген Стармер.

Мурунку күнү Улуу Британиянын өкмөтүнүн аппарат башчысы Морган Максуиндин кызматтан кеткени кабарланган. Ал муну Эпштейндин досунун АКШга элчи болуп дайындалышына байланыштуу чуулуу окуядан улам жасаганы кабарланган.

Өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу катында кызматкер Питер Мандельсондун дайындалышын ката деп атап, бул үчүн жоопкерчиликти моюнуна алган. Саясий баяндамачы Бет Ригбинин айтымында, Максуиндин кызматтан кетиши премьер-министрди сактап калуу аракети болгон.

Буга чейин Кир Стармер бир жуманын ичинде кызматтан кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн экени айтылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: