super.kg logo

Мурдагы жемкорлук иш ачыкталып, Кара-Көлдө кызмат адамы камакка алынды

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы У.Б. жемкорлукка байланыштуу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, ал 2021-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы адиси болуп турган кезде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн ар бири 700 чарчы метр болгон төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн М.Д. аттуу жарандан 2 миллион сом алган. Мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 миң сом алган. Кийинчерээк, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат активдүү ишке ашырыла баштагандыктан жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп бере алган эмес жана алынган 2,2 миллион сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.

4-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (Кызмат абалын алдамчылык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, У.Б. камакка алынды. Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: