super.kg logo

Рамзан Кадыров уулунун "кырсыкка кабылышы" жасалма акылдын алдамчылыгы экенин айтты 

 

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров республиканын прокурору Арсан Адаев менен болгон жолугушууда уулу Адам Кадыров жол кырсыгына кабылды делген маалыматтар ойдон чыгарылганын айтты. Бул тууралуу Орусия ЖМКлары жазышты.

"Жасалма интеллект менен кимди болсо да алдай аласыз. Өлкө боюнча 128 миң кырсык болду, 13 миң 9 адам каза болду, бирок эч ким эч нерсе дебейт. Бирок, кайдан-жайдан Кадыровдун уулунун кырсыгы жөнүндөгү ойдон чыгарылган окуя дүйнөлүк жаңылыктарда биринчи орунга чыкты",- деген ал.

Эске салсак, 16-январда Чеченстандын лидеринин уулу жол кырсыгына кабылганы кабарланган. 18 жаштагы Адам Кадыров Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ан-148-100-EM учагы менен Чеченстандан Москвага жеткирилгени да айтылган.

Чечен бийлиги муну жалган маалымат деп келет.

18 жаштагы Адам Кадыров Чеченстандын коопсуздук кеңешинин катчысы. 2025-жылдын апрель айында ал Чеченстандын Ички иштер министрлигинин куратору болуп дайындалган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: