super.kg logo

150 пайыз үстөк... Манаста үйүндө жашыруун күрөөкана иштеткен аял кармалды (видео)

 

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында үйүндө жашыруун күрөөкана уюштурган аял кармалды. Бул тууралуу 10-февралда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ш.К. аттуу жаран А.Э.дан 1 миллион сом карыз алып, ай сайын 150 миң сом пайыз төлөп турган факты аныкталды. Карызды төлөө мезгилинде А.Э. бир нече жолу Ш.К.нун мүлкүн опузалаган. Кечиктирилген пайыздарды төлөп берүүнү талап кылып, унаасын тартып алган. Натыйжада 4-февралда А.Э. 200 миң сом өлчөмүндөгү пайыз алып жатканда кармалды.

Тактап айтканда, А.Э. үйүндө жашыруун күрөөкана иштетип, жылына 150 пайыздан ашык үстөк менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар менен күрөөгө коюлган акчалай насыяларды берип турган.

Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорттору, өздүгүн тастыктаган күбөлүктөр, жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик документтер, күрөөгө коюлган зер буюмдар табылды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берген. Учурда тергөө иштери улантылууда.






 Манас шаарында үйүндө “черный ломбард” уюштурган аял кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: