Бишкекте психикалык жактан жабыркаган жаран кармалды
Бишкекте жашы жете элек кызды коркуткан деген шек менен психикалык жактан жабыркаган 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, 2 күн мурун, тагыраагы, 8-февралда милицияга кайрылган аял киши ошол эле күнү болжол менен саат 19:50 чамасында Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн жанында белгисиз эркек киши анын жашы жете элек кызын аңдып, коркутканын айткан.
Аталган факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Натыйжада шектүү аныкталган. Анын 2022-жылдан бери психикалык оорудан жабыркап, учурда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун көзөмөлүндө турары тастыкталган. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан ал жаран мындан ары дарылануу үчүн жогоруда аталган медициналык мекемеге жеткирилип, жаткырылган.
Бишкекте психикалык жактан жабыркаган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















