Өзгөндөгү аламан улак: Ниязовдор каза болгон баланын үй-бүлөсүнөн кабар алышты (видео)
Өзгөндөгү аламан улакка барып, кырсыктап каза тапкан 26 жаштагы жигиттин ата-энесине белгилүү улакчылардын үй-бүлөсү Ниязовдор кабар алып барышты. Жаныш Ниязов баш болгон бир туугандар маркумдун жакындарына көңүл айтып, ажылык сапарга жолдомо берип кайтышты.
Маркумдун атасы жана агасы бул каргаша экенин билдирип, эч ким күнөөлүү эместигин айтышты. Каза болгон жигит улакка катышуу үчүн эмес, көрүп келүү максатында барганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, 8-февралда Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, улак тартыш оюнун уюштурду. Анда Борбордук Азия боюнча улакчылар чогулушту.
Ниязовдор каза болгон балынын үй-бүлөсүнөн кабар алышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















