super.kg logo

Гонконгдо оппозициячыл медиамагнат Жимми Лай 20 жылга эркинен ажыратылды

 

Гонконгдо оппозициячыл медиамагнат, ишкер жана журналист Жимми Лай 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Сот 78 жаштагы Лайды Кытайдын атайын административдик аймактар тууралуу мыйзамын бузган деп тапты. Тактап айтканда, ал "чет элдик күчтөр менен сөз байлашуу" жана "калкты козутуучу мүнөздөгү материалдарды жайылтуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жимми Лай - Гонконгдогу Кытай бийлигин ачык сындаган эң белгилүү фигуралардын бири. Бул ага карата козголгон биринчи кылмыш иши эмес. Ал 2020-жылдын декабрынан бери камакта отурат.

Демократиялык оппозиция өкүлдөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары бул ишти саясий куугунтук катары баалап, аны Гонконгдогу сөз эркиндигине дагы бир сокку деп эсептешет.

Human Rights Watch уюмунун Азия боюнча жетекчиси Элейн Пирсондун айтымында, Жимми Лайдын ден соолугунун абалы оор экенин эске алганда, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу "өлүм жазасына тете".

Эксперттердин пикиринде, бул сот өкүмү Гонконгдогу эркин маалымат каражаттарына жана көз карандысыз журналистикага карата басым күчөп жатканын дагы бир жолу айгинелеп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: