Бишкекте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектүү жаран кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кармалды. Бул тууралуу 10-февралда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ш.У. аттуу жаран акциздик товарлардын топторун көзөмөлдөө бөлүмүндө ага инспектор болуп турганда, жеке бухгалтердик компанияларга коммерциялык ишмердүүлүккө патент берүү боюнча консультациялык кызмат көрсөткөн.
Мындан тышкары, 2024-жылдан азыркы мезгилге чейин салык патенти боюнча көрсөтүлгөн кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттен 600 миң сомдон ашык суммада каражат алып, бирок салык кызматкери иш жүзүндө салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү маалымат базасына кирбей калган жасалма патенттерди берип, каражатты өзүнө ыйгарып алган.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















