Мексиканын президенти Кубага гуманитардык жардамды кеңейтүүнү убада кылды
Мексика Кубага гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум билдирди.
Шейнбаум АКШнын Кубага мунай жеткирген өлкөлөргө тарифтерди киргизүү мамилесин адилетсиз деп атаган. Анын айтымында, ал акыры Кубанын калкына таасирин тийгизет.
"Көбүрөөк колдоо болот. Кубага мунай жөнөткөн кайсы бир өлкөгө каршы АКШнын адилетсиз санкцияларынан улам эч ким Куба эли азыркы учурда жашап жаткан кырдаалда калбашы керек. Албетте, биз муктаж болгон адамдарга ар дайым жардам бергендей эле Куба элине жардам берүүнү көздөп жатабыз. Учурда биз негизинен азык-түлүк жөнөтүп жатабыз жана алардын муктаждыктарын камсыздоону көбөйтүүнү көздөп турабыз.
Биз колдоо көрсөтүүнү жана мунай менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон дипломатиялык чараларды көрүүнү улантабыз. Элди ушундай жол менен муунтуу өтө адилетсиз",- деди ал.
Бир нече күн мурун Мексика АКШнын позициясынан улам Кубага мунай жеткирүүнү токтотконун моюнга алган. Бирок бул гуманитардык жардамдын улантылышына таасир этпейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















