Ысык-Көлдө ыпластыкка жана башка кылмышка шектелген жигит кармалды
Ысык-Көлдө ыпластыкка жана алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.Маалымдалгандай, былтыр декабрь айында милицияга кайрылган Балыкчы шаарынын тургуну көл жээгинде 15 жаштагы кызына белгисиз бала анын эркине каршы күч колдонуп, жыныстык катнашка баруу аракеттерин жасаганын билдирген. Ошондой эле арыздануучу шектүү кызын коркутуп, Redmi үлгүсүндөгү телефонун жерге чаап, сындырып салгандыгын кошумчалаган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, былтыр декабрда Тоң районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Лалафо тиркемеси аркылуу шектүүнү кой багуу үчүн жумушка алганын билдирген. Бирок шектүү койлорду белгисиз тарапка алып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң долларды же 1 миллион 320 миң сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү колго түшүрүлүп, суракка алынганда өз күнөөсүн моюнуна алган. Балыкчы шаардык соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ысык-Көлдө ыпластыкка жана башка кылмышка шектелген жигит кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















