super.kg logo

Эпштейн өзүнүн курмандыктарын адам сатууга шериктеш болууга мажбурлаганы айтылды 

 

АКШ Конгрессинин мүчөсү Ана Паулина Луна чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн өзүнүн айрым курмандыктарын адам сатууга шериктеш болууга мажбурлап келгенин ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Өздөрүн жабырлануучумун деген кээ бир аялдар чындап эле жаш балдарды сатууга Эпштейнге жардам беришкен. Бул азырынча айсбергдин чети гана экени анык, бирок фактылар маанилүү",- деп жазган Ана Паулина Луна өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасына.

Ошондой эле ал Эпштейн жабырлануучуларына 18 жашка чыкканда тандоо бергенин жазган.

Маалымат үчүн:

Жеффри Эпштейн 1953-жылы Нью-Йорк шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Анын балалыгы карапайым жашоодо өткөн. Ал мектепти аяктагандан кийин, эч кандай жогорку окуу жайын бүтүрбөстөн, мектептердин биринде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенген.

Ошондой күндөрдүн биринде атасы Эпштейнди бир окумуштуу менен тааныштырып, андан уулун өзү менен алып жүрүүнү суранган. Себеби Эпштейн так илимдерди аябай жакшы окуган. Ошентип Эпштей 1980-1990-жыдары өзүнүн жеке каржылык компаниясын ачкан. Ошондон кийин анын каржылык булагы өсүп, даражасы дагы көтөрүлгөн.

Эске салсак, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: