Ала-Арча паркынын кирешеси 4 эсе жогорулаганы айтылды
2022-2025-жылдары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын кирешеси туруктуу өсүп, 65,8 миллион сомдон 262,7 миллион сомго жетип, дээрлик 4 эсеге жогорулады.Президенттин иш башкармалыгы өсүш санариптештирүүнүн киргизилиши, башкаруунун ачыктыгы жана туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен байланыштуу экенин белгиледи.
"Паркта жаңы коттеждер, мейманкана, мончо комплекстери жана ресторандар курулуп, кызматтардын түрү кеңейди. 2024-жылы "Тёплые ключи" комплекси парктын балансына өткөрүлүп, экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризмге шарт түзүлдү. Ошондой эле жакында асма жол ишке киргизилет, ал эми родельбандын курулушу жүрүп жатат.
2025-жылдын 1-майынан тартып автотранспорттун киришине тыюу салынып, жөө жана электромобилдерге гана уруксат берилди. Натыйжада кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Ала-Арча паркы 2022–2025-жылдары канча киреше тапты?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















