2025-жылы 11 миңден ашуун жаран протездик-ортопедиялык кызматтарды алды
Кыргызстанда 2025-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды жана башка жеке кыймыл каражаттарын даярдоо жана оңдоо кызматтарынан 11,5 миң адам пайдаланган. Бул тууралуу 10-февралда Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоого 123 миллион сом багытталып, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 10 пайызга жогору (2024-жылы 111,8 миллион сом). Каржылоонун көбөйүшү кызмат алуучулардын камтылышын кеңейтүүгө жана протездөө тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди. Учурда бөлүнгөн 97,8 миллион сом бюджеттик каражаттын алкагында өндүрүштү модернизациялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, алдыңкы технологияларды колдонуу менен жана бейтаптардын жеке муктаждыктарын эске алуу аркылуу ортопедиялык бут кийимдердин жаңы моделдерин, жогорку жана төмөнкү буттар үчүн заманбап протездердин түрлөрүн иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алгач ирет протезисттер тарабынан "Сколково" инновациялык борборунун резиденти болгон "Моторика" компаниясынын балдар үчүн кол протездери - заманбап активдүү тартылуучу "Киби" жана бионикалык "Инди" протездери даярдалды.
Жалпысынан 2023-2025-жылдар аралыгында 34 балага "Киби" жана "Инди" кол протездери жасалып берилди, алардын 76 пайызы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланды. Ошондой эле Бишкек шаарындагы "Фаблаб" лабораториясы менен кызматташуунун жыйынтыгында эки чоң жаранга электрондук кол протездери даярдалып берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















