super.kg logo

Стамбулда Израилдин "Моссад" чалгын кызматына байланышы бар деп эки адам камакка алынды

 

Стамбул шаарындагы сот шейшембиге караган түнү Израилдин атайын кызматы "Моссад" менен иштешкен деп шектелген эки адамды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, мрамор кенинин ээси Мехмет Дерья жана палестин тектүү Түркиянын жараны Вейсель Керимоглу өткөн жума күнү Стамбул полициясы тарабынан Улуттук чалгындоо башкармалыгы менен биргеликте кармалган.

Соттун чечиминде Дерья менен Керимоглу "жашыруун маалыматтарды алуу максатында саясий же аскердик тыңчылык жүргүзгөн" деген айып менен камакка алынганы айтылат.

Түркиянын Улуттук чалгындоо башкармалыгы шектүүлөрдү узак убакыт бою көзөмөлдөп келген. Тергөөнүн жүрүшүндө Мехмет Дерья Вейсель Керимоглу аркылуу Израилди сындаган палестиндик жарандар менен байланыш түзүп, алар тууралуу чогултулган маалыматтарды "Моссадга" өткөрүп турганы аныкталган.

Маалыматта белгиленгендей, Дерья 2013-жылдан бери ар кайсы чалгын кызматтарынын өкүлдөрү менен байланышта болуп келген. Израилдик чалгын кызматтары менен ал негизинен мессенжерлер аркылуу байланышкан.

Эске салсак, буга чейин Стамбулдун башкы прокуратурасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга карата "геноцид" беренеси боюнча камакка алуу ордерин чыгарган.

Ошондой эле Израилдин өкмөтүнүн жана саясий-аскердик чөйрөсүнүн дагы 36 өкүлүнө карата ордер берилген. Алардын арасында коргоо министри Исраэль Кац, улуттук коопсуздук министри жана "Оцма Йехудит" ("Еврей күчү") партиясынын лидери Итамар Бен-Гвир, ошондой эле Израил коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) Башкы штабынын башчысы Эяль Замир да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: