Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызгидромет кызматы күтүлгөн кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 11-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Акташ автоунаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык автоунаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Бишкек - Нарын - Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу) жана Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мекеме айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















