Димаш Кудайберген продюсерлик кылган музыкалык шоу Кытайдагы телекөрсөтүүнүн рейтингин көтөрдү (видео)
Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген аткаруучу продюсерлик кылган Voice Beyond Horizon музыкалык шоусунун премьерасы Азиядагы эң көрүнүктүү телемузыкалык долбоорлордун бири болду.
Эл аралык долбоордун ачылуу аземи Кытайдын Hunan TV телеканалында көрсөтүлгөн. Көрсөтүү алгачкы 24 сааттын ичинде 102 миллиондон ашуун көрүүнү топтоп, Кытайда бир нече телекөрсөтүү жана санариптик рейтингдерде биринчи орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч менен музыкалык шоу рекорддук көрсөткүчкө жете алган.
Бул Димаш Кудайбергендин аткаруучу продюсер катары биринчи чоң тажрыйбасы. Ырчынын айтымында, музыкалык шоунун идеясын бир нече жылдан бери иштеп келген. Долбоорго Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Италия, Малайзия жана Сербия сыяктуу алты өлкөдөн сегиз аткаруучу катышкан.
Аталган долбоорго Кыргызстандан ырчы Нур Чолпон катышкан.
Димаш Кудай продюсерлик кылган музыкалык шоу Кытайдагы телекөрсөтүнүн рейтингин көтөрдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















