super.kg logo
  Спорт  

Азамат Байматов эми Оштогу жаш футболчуларды машыктыра баштайт

 
Кыргызстандын улуттук курама командасынын экс-коргоочусу, учурдагы футбол машыктыруучусу Азамат Байматов Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы менен эмгек келишимин түздү. Эми ал 2010-жылы төрөлгөн балдардын командасын машыктыра тургандыгын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, Байматов АФКнын "А" категориясындагы лицензиясына ээ.
"Кыргыз футбол биримдиги көптөгөн футболчулар оюнчулук карьерасын аяктагандан кийин да футболдо ишин улантууга бардык шарттар түзүлгөндүгүн кубануу менен белгилейт. КФБ Азамат Байматовдун мисалы академиянын тарбиялануучуларына да, карьерасын жыйынтыктап жаткан оюнчуларга да жакшы мотивация болот деп ишенет",- деп белгиленген маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: