super.kg logo

Өзбекстан 12 жылдык билим берүү системине өтөт

 

Өзбекстан 12 жылдык милдеттүү жалпы орто билим берүү системине өтүүдө. Бул тууралуу Өзбек басылмалары билдиришүүдө.

Маалыматтарга караганда, өлкө президенти бир жылдык даярдоо этабын камтыган жаңы милдеттүү жалпы орто билим берүү системин киргизүүнү жактырды. Мектепке чейинки жана мектеп билим берүү министринин орун басары Сардор Раджабовдун айтымында, жаңы систем бир жылдык даярдоо баскычын камтыйт. Даярдоо топтору мектеп билим берүү түзүмүнө этап-этабы менен киргизилет.

Анын айтымында, бул өзгөрүү улуттук билим берүү системин эл аралык стандарттарга жакындатып, окуунун сапатын жогорулатат. Ошондой эле чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга тапшырууда бүтүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтат. Учурда өзбекстандык бүтүрүүчүлөр айрым чет өлкөлүк университеттерге кирүү үчүн кошумча бир жылдык даярдоо курстарынан өтүүгө аргасыз. 12 жылдык систем киргизилсе, мындай талап жоюлуп, бүтүрүүчүлөр түздөн-түз бакалавриатка тапшыра алышат. Жаңы билим берүү түзүмү үч баскычтан турат:

  • 1 жылдык даярдоо жана 4 жылдык башталгыч билим берүү;
  • 5 жылдык негизги жалпы орто билим берүү (5-9-класстар);
  • 2 жылдык жалпы орто билим берүү.
    Бул реформа Өзбекстандын билим берүү системин ЮНЕСКОнун эл аралык классификациясына шайкеш келтирүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: