Американын эки учагы Түркмөнстандын белгисиз аймагына конгондугу болжолдонууда
АКШнын аба күчтөрүнө таандык C-17A Globemaster III жана MC-130 Super Hercules аскердик учактары Түркмөнстандын белгисиз аймагына конду. Бул тууралуу 9-февралда "Эркин Иран" Телеграм-каналы "FlightRadar24" платформасына таянып жарыялады.
Маалым болгондой, алардын конгон жери так көрсөтүлгөн эмес. MC-130 Super Hercules учагы атайын багыттагы күчтөрдү ташуу, жашыруун жана түнкү операцияларды жүргүзүү, абада тик учактарды толуктоо жана камсыздоо сыяктуу тапшырмаларды аткара тургандыгы маалыматта кошумчаланды.
"Түркмөнстандын борбору Тегерандан 800 чакырым, аба аркылуу болжол менен 480 чакырым алыстыкта жайгашкандыгы бул конууга кошумча стратегиялык маанилүү жагдай берет. Азыркы кырдаалдын фонунда бул эпизод белги катары каралууда",- деп жазышты каналдын авторлору.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















