Улуттук чапан кийип, жоолук салынган кыргызстандык модель "Vogue" журналына чыкты
Улуттук чапан кийип, жоолук салынган кыргызстандык моделдин сүрөтү дүйнөлүк мода журналы болгон "Vogue" басылмасына жарыяланды. Бул тууралуу модель Шадия Исаева өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Сеул шаарында өткөн мода жумалыгынын төртүнчү күнүндө ал чоң атасынын чапанын кийүүнү жана чоң энесинин жоолугун салынууну чечкен. Улуттук элементтер менен өзгөчөлөнгөн бул образ Vogue журналынын фотографтарынын көңүлүн буруп, алар кыргызстандык моделди сүрөткө тартышкан.
Сүрөттөр журналдын “The Best Street Style Photos From the Fall 2026 Shows in Seoul” аттуу макаласында жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















