super.kg logo

Элдик Банк "Айыл чарбасын каржылоо – 14" программасын ишке киргизди

 

Элдик Банк агроөнөр жай комплексинде иш алып барган ишкердик субъекттерин колдоого багытталган «Айыл чарбасын каржылоо – 14» (АЧК-14) программасынын ишке киргизилгенин жарыялайт.

Программа юридикалык жактарга жана мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаандатып сугаруу) киргизүү, суу сактагычтарды куруу, ошондой эле күнөскана чарбачылыгы тармагында иш алып барган жеке ишкерлерге багытталган.

Кредиттик каражаттар мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап агротехнологияларды киргизүүгө берилет.

Кредиттөө шарттары:

Программанын алкагында төмөнкү шарттар каралган:

  • күрөөсүз кредиттөө — 500 000 сомго чейин;
  • 500 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин — мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармагында иш алып барган субъекттер үчүн күрөө менен;
  • 3 000 000 сомго чейин — сугат системаларын киргизген жана суу сактагычтарды куруу менен алектенген субъекттер үчүн күрөө менен.

Кредиттөө мөөнөтү 36 айга чейин.

Негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт — 6 айга чейин.

Жылдык пайыздык чен 6%, эффективдүү пайыздык чен — 6,18%дан баштап.

Кредиттер улуттук валютада — кыргыз сомунда берилет.

АЧК-14 программасын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагына финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган.

Элдик Банк ишкердикти колдоо жана өлкөнүн регионалдык экономикасын өнүктүрүү боюнча системалуу ишин улантууда.

Программага катышуу боюнча толук маалыматты Элдик Банктын филиалдарынан жана бөлүмдөрүнөн алууга болот.

? 9111
? https://eldik.kg/
? КР УБ лицензиясы №033






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: