super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү келишет 

 
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маалыматтык кызматташуу жана өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюлду.
"Меморандумдун алкагында тараптар маалыматтык координацияны күчөтүп, расмий пресс-материалдар менен камсыз кылуу, медиа өкүлдөрдү аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташат",- деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, болжол менен 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштөөсү мерчемделүүдө. Ошондой эле ЖМКлар үчүн заманбап техникалык инфраструктура менен жабдылган пресс-борборлор уюштурулары кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: