Нурлан Сабуровду Орусияга 50 жылга киргизбей коюшту, себептери эмнеде?
Казакстандык стендап-комик Нурлан Сабуровго Орусияга жарым кылымга (50 жылга) кирүүгө тыюу салынды. Бул чечим 30-январда кабыл алынган, ал эми Орусиядан депортацияланганы тууралуу 6-февралда расмий жарыяланды. Эмне болду жана эмне себептен казакстандык юморист “кара тизмеге” кирди?

Сабуров эмнеси менен белгилүү?
Нурлан Сабуров - постсоветтик мейкиндиктеги эң таанымал стендап-комиктердин бири. Ал өзүнүн тайманбас, өзүнө ишенген образы, үй-бүлө жана күнүмдүк жашоо тууралуу курч жана тамашалуу монологдору менен белгилүү. Ошондой эле Сабуров Forbes журналынын "30 жашка чейинки 30" рейтингине кирип, эң келечектүү жана эң жогорку гонорар алган комиктердин бири катары таанылган.
2020-жылы Forbes журналы аны “Жаңы медиа” тармагындагы эң келечектүү жаш орусиялыктардын бири деп атаган. Стендап-комик Орусия, Казакстан жана жакынкы чет өлкөлөрдө гастролдоп, корпоративдик иш-чараларда да чыгып жүргөн. Мындай иш-чараларда анын гонорары орто эсеп менен 10 миң долларды түзгөн.
Анын кеңири таанылышы 2013-жылы ТНТ телеканалындагы Stand Up шоусунда "Ачык микрофон" рубрикасындагы дебютунан кийин башталган. 2014-жылы Сабуров Москва шаарына көчүп келип, долбоордун эң талап кылынган катышуучуларынын бирине айланган.
2017-жылы Сабуров "IQ" аттуу гастролдук туруна чыгып, ал Орусия менен Казакстандын 20 шаарын камтыган. Ал эми 2018-жылдын декабрында телекөрсөтүүдө өзүнүн алгачкы жеке стендап-концертин өткөргөн.

2019-жылдын апрель айынын аягында LABELCOM YouTube-каналында "Что было дальше?" аттуу юмордук шоунун алгачкы чыгарылышы жарык көргөн. Аталган долбоордун алып баруучусу Нурлан Сабуров болгон. Шоунун YouTube’дагы чыгарылышы 2022-жылдын январында токтотулган, бирок 2023-жылдын 1-апрелинде долбоор "VK Видео" платформасында кайра жанданып, 2024-жылдын 7-мартына чейин уланган.
Стендаптан тышкары, Сабуров киного да тартылып, ар кандай теледолбоорлорго катышкан. 2017-жылы - "Брат или брак", 2022-жылы - "Стас", ал эми 2023-жылы - "Бедные Патрики" сериалында башкы ролду жараткан.
Эми болсо комиктин Орусиядагы карьерасы суроо алдында калды. Кирүүгө тыюу салынганы анын Орусия аймагында концерт өткөрүүсүнө, съемкаларга катышуусуна же бизнес жүргүзүүсүнө толук бөгөт коёт. Анын мүлкү жана компаниялары сакталып калганы менен, аларды алыстан башкарууга туура келет - мындай шартта бул мүмкүн болобу же жокпу, азырынча белгисиз.
Сабуров катышкан чыр-чатактар
Кызыктуу жагдай: укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Сабуров санкциядан кооптонуп, Орусияда жашоого уруксат (ВНЖ) жана Орусия жарандыгын алуудан баш тартып келген.
Комиктин көйгөйлөрү кечээ эле башталган эмес. 2025-жылдын 19-майында ал Москвадагы Шереметьево аэропортунда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалган. Mash Telegram-каналынын маалыматына караганда, стендап-комик Орусияда болууга уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган. Артист белгиленген мөөнөттө Орусиядан чыгып кетүүгө жана 5 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Буга чейин Сабуровдун чет өлкөлөрдөгү бир нече концерттери үзгүлтүккө учураганы маалымдалган. Залдан көрүүчүлөр комиктен Украинадагы окуялар боюнча пикирин билдирүүнү талап кылышкан. Нурлан болсо өзүнүн коркунучтары бар экенин, үй-бүлөсү жана ипотекасы бар экенин айткан.
Мындай позиция либералдуу коомчулук тарабынан да, ошондой эле андан так жана ачык билдирүү күткөндөр тарабынан да сынга алынган. Ошол эле учурда, анын оозунан СВОну (атайын аскердик операцияны) ачык сынга алган сөздөр чыккан эмес.
Комик Орус православ чиркөөсү (РПЦ) тарабынан да сынга кабылган. Москва чиркөөсүнүн коом жана ЖМК менен өз ара аракеттенүү боюнча адиси Вахтанг Кипшидзе Сабуровдун Иса Машаяк тууралуу тамашаларына сын айткан.
"Машаяк тууралуу мындай “тамашаларды” диний аң-сезими жок жана башка адамдардын ыйык нерселерине урмат көрсөтпөгөн гана адам айта алат",- деп билдирген Кипшидзе РИА Новости агенттигине.
Эмне себептен Орусияга кирүүгө тыюу салынды?
2026-жылдын 6-февралында укук коргоо органдары РИА Новости агенттигине билдиргендей, казакстандык юморист Нурлан Сабуровго Орусия Федерациясына кирүүгө 50 жылга тыюу салынды.
Расмий түшүндүрмөгө ылайык, бул чечим өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, мыйзамдардын сакталышы жана салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо максатында кабыл алынган. Тыюу салуу тууралуу чечим 30-январда расмий түрдө күчүнө кирген.

Идеологиялык себептерден тышкары, укук коргоо органдарынын каржылык мүнөздөгү дооматтары да бар. Күч түзүмдөрүндөгү булак РИА Новости агенттигине билдиргендей: "Нурлан Сабуров Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп, салык боюнча карыздарын эске албай туруп киреше алып келген. Бир гана 2024-жылы ал 50 миллион рублдан ашык кирешени декларациялаган".
Мындан тышкары, комик киреше булактарын мыйзам бузган ортомчулар аркылуу легалдаштырууга аракет кылганы аныкталган.
Ошондой эле Сабуров Орусия аймагында 60 миллион рублдан ашык суммага бааланган мүлккө ээ экени белгилүү болгон. Анын атында кинофильмдерди жана телеберүүлөрдү өндүрүү менен алектенген компания катталган. Компания 2025-жылдын 30-апрелинде 200 миң рубль уставдык капиталы менен түзүлгөн. Ошол эле учурда, бул компаниянын 18,9 миң рубль өлчөмүндө салык карызы бар экени айтылууда.
Юмористти Орусияга аэропорттогу чек ара көзөмөлүнөн өткөрбөй коюшкан. Mash Telegram-каналынын маалыматына ылайык, Нурлан аэропорттун ичинде калып, Дубайга кайра уча албай калган, анткени билет сатып алууга акчасы жок болгон.

Сабуров Орусияга кирүүгө тыюу салынганына кандай реакция кылды?
Орусияга кирүүгө тыюу салынгандан кийин комиктин жубайы Диана Сабурова өлкөдөгү ишкердик активдүүлүгүн күчөткөн. 5-февралда ал Орусияда жеке ишкер катары катталган. Анын билдирилген ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесине аткаруучулук искусство, жарнама, ошондой эле эс алуу жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштуруу кирет.
Ошол эле күнү комиктин жубайы социалдык тармактар аркылуу бренддик буюмдарды сатыкка чыгарган. Лоттордун арасында Hermes Herbag сумкасы 120 миң рублга (базар баасы 500 миң рублдан жогору), Jacquemus Le Bambino сумкасы 40 миң рублга (орточо баасы 100 миң рублдай), ошондой эле 4 миңден 10 миң рублга чейинки кийим-кечелер бар экени айтылган.
Мындан тышкары, РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 12-февралында Диана Сабурова азык-түлүк жана суусундуктар соодасы тармагында иш алып барган компанияны каттаткан. Компаниянын уставдык капиталы 1 миллион рублду түзөт. Фирма жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системи менен иштейт жана соодадан тышкары, алкоголдук ичимдиктерди сатуу, ошондой эле курьердик жеткирүү кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ал эми жекшемби күнү, 8-февралда, комик бул кырдаалга байланыштуу алгач ирет социалдык тармактарында комментарий берди.
"Калыптанган кырдаалга комментарий бербейм. Юристтер бар, алар өз деңгээлинде бардык тиешелүү органдар менен маселени карашат. Баарын убакыт өз ордуна коёт",- деп жазган ал.
Ошондой эле юморист өзүнүн кесиптик жолун Орусияда баштаганын, мындан 15 жыл мурда алгачкы кадамдарын жасаганын кошумчалаган.
"Мен чыгармачылык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк берген өлкөгө ыраазымын, артист катары өзүмдү таанытып, Орусияда да, чет өлкөлөрдө да чоң көп улуттуу аудиторияга ээ болдум",- деди Сабуров. Ал журналисттерге жана блогерлерге комиктин жана анын жакындарынын жеке жашоосуна урмат көрсөтүүнү суранган.
Ошол эле күнү артист Instagram социалдык тармагындагы негизги профилиндеги бардык публикацияларын өчүргөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















