super.kg logo

Спикер Түркияда Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар койду

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Түркиядагы расмий сапары Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, ардактуу кароолдун коштоосунда спикер Түркиянын мамлекеттик жана саясий ишмеринин элесине таазим этип, мавзолейдеги сыйлуу коноктор китепчесине да каалоо-тилектерин жазып калтырган.
Белгилей кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу баштаган парламенттик делегация Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий сапары менен барган. Делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Элдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Элвира Сурабалдиева бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: