УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматта Ташиевдин кызматтан кетүү себеби ачыкталган эмес.
Эскерте кетсек, Ташиев УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылы 16-октябрда дайындалган. Ошондой эле 2021-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары милдети да жүктөлгөн. Мындан тышкары, ал Кыргыз футбол биримдигинин президенти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
10:01
2026-02-13
9:37
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















