Мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн... Садыр Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышына комментарий берди
Бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулганы боюнча пикирин билдирди. Өлкө башчынын пикирин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов таратты.
"Баарынан мурда бул чечимди мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, коомдо, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда ажырым жаралбашы үчүн кабыл алдым. Тескерисинче, бул кадам биримдикти бекемдөөгө багытталган",- деп билдирди президент.
Эскерте кетсек, бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагалыгынан бошотту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















