Түркияда Кыргыз жарандары үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартуу демилгеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркияга расмий сапарынын алкагында Улуу Улуттук жыйындын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Алгач сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө өтсө, андан соң кеңири курамда талкуулар улантылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларын күчөтүү, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Нурланбек Тургунбек уулу белгилегендей, ал төрага катары кайрадан шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркияга жасоосу - өлкөгө болгон урматтын белгиси.
Төрага ошондой эле президент Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылы Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисине, эки өлкөнүн жакын бир туугандык мамилесинин өнөктөштүктү өркүндөтүүгө салым кошконун белгиледи.
Жолугушууда экономикалык алакаларга да токтолуп, соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлганын эске салды. Түркиялык ишкерлер энергетика, тоо-кен жана өнөр жай сыяктуу артыкчылыктуу тармактарга инвестиция салууга чакырылды.
Мындан тышкары төрага визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартуу демилгесин көтөрүп, быйылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Түркиянын спортчуларын жана расмий өкүлдөрүн чакырыларын белгиледи. Билим берүү тармагында эки өлкөнүн өнөктөштүгү башка мамлекеттер үчүн үлгү экенин айтып, мисалга "Манас" университетин келтирди.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш Тургунбек уулун кайрадан төрага болуп шайланышы менен куттуктап, сапары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан менен Түркиянын парламенттик жана мамлекеттик өнөктөштүгүнүн жаңы демге ээ болорун, боордоштук мамилелердин узак мөөнөттүү тарыхый маанисин баса белгиледи.
Ошондой эле Нуман Куртулмуш саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү башкы максат экенин жана бир катар долбоорлор ишке ашып жатканын кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















