super.kg logo
  Саясат  

Алагөзов президенттин Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

 
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчысынын УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча билдирүүсүнүн түпкү мааниси башка жакта экендигин билдирди.
Анын айтымында, президенттин “Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” деген пикири Ташиевге тиешеси жок.
"Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм", - деп билдирди Алагөзов.
Айта кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын үч орун басары кызматынан бошотулду. Ал эми атайын кызматты убактылуу Жумгалбек Шабданбеков башкармай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: