super.kg logo

Депутаттар коопсуз эмгек миграциясы боюнча мамлекеттик маалыматтык стратегияны иштеп чыгууга киришти

 

Бүгүн, 10-февралда, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен коопсуз эмгек миграциясын камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талкууга Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары — Камила Талиева, Гүлнара Баатырова, Нилуфар Алимжанова, Медербек Чотонов, Гүлжан Сатиева, Гүлшаркан Култаева, Азамжан Жалилов, Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова катышты. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакытбек Дарманкул уулу, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директорунун орун басары Арслан Байсопуев, Тышкы иштер министрлигинин, Тилектештик борборунун жана ICMPD эл аралык борборунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда катышуучулар коопсуз эмгек миграциясынын факторлору, жарандарды өлкө чегинен тышкары чыгууга даярдоо, эмгек миграциясынын багыттарын жана эмгек рыногун диверсификациялоо маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында коопсуз эмгек миграциясы боюнча Мамлекеттик маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жооптуу мамлекеттик орган катары аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: